• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте төрт жашар кызды коюп кеткен өспүрүм кармалды

Кырсык 0


Бишкек, 12-июнь /Кабар/. Бишкекте төрт жашар кызды коюп кеткен өспүрүм бала кармалды. Ал 10-июнда төмөнкү Ала-Арча районунда төрт жашар кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

Анын айтымында, «Хонда-фит» үлгүсүндөгү унааны, кырсык учурунда 16 жаштагы өспүрүм башкарып келаткан. Апасына таандык болгон машинаны өспүрүм, бир аз айдап келүү үчүн алган.

Маалым болгондой, кичинекей кызды сүзүп алгандан кийин өспүрүм коркконунан кырсык болгон жерден качып кеткен. Унаанын ичинде анын достору болгону кабарланууда.

Бул иш боюнча учурда “жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган, унаа каражатын пайдаланган” жана “коркунучта калтырган” деген беренелердин негизинде иш козголуп, машина унаа токтотуучу жайга жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий