• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы флагшток оңдоп-түзөөдөн өтөт

Коом 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Өлкөнүн башкы желеги жайгашкан "Ала-Тоо" аянтындагы флагшток оңдоп-түзөөдөн өтөт Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Бүгүн саат 19:00дөн тарта “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтында пландалган оңдоп-түзөө иштерин баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул иштер дайыма авариялык учурлардын алдын алуу максатында жүргүзүлөт. Оңдоо иштери бир нече саатка созулат.

Ага “Тазалык” ишканасынан бригада, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү техникасы тартылат.

Пикир

Оставить комментарий