• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акрам Мадумаров: Калыстык үчүн чек арадагы ар бир окуя эки тараптуу иликтениши керек

Аймак 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Калыстык үчүн чек арада катталган ар бир окуя эки тараптуу иликтениши керек. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Ал 23-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу күч органдарынын жетекчилеринин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өттү.

Акрам Мадумаров кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан окуя жана ага байланыштуу көрүлүп жаткан иш аракеттердин жүрүшү тууралуу, облустун прокурорунун, облустук ички иштер башкармалыгынын жана облустук улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчилеринин, Баткен районунун акиминин маалыматын укту.

Анын пикиринде, Тажикстан менен чек аралаш аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, жергиликтүү тургундар арасында Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин ортосундагы келишимдер менен макулдашуулар тууралуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чагымчыл аракеттерге жол бербөө жана катталган ар бир окуя боюнча эки тарап биргеликте, объективдүү иш алып барышы керек, - деп белгиледи.

Ошондой эле Мадумаров Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына болгон иш сапарынын алкагында коюлган тапшырмаларынын аткарылышы боюнча чек аралаш айыл аймак башчыларынын маалыматын угуп, турак жай салуу үчүн кезекте турган жарандардын жер маселесин чечүү, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жерлерди ижарага берүү жумуштарына тоскоол болуп жаткан трансформация маселесин тездетүүнүн үстүндө иш алып барууну тапшырды.

Жыйындан соң, ыйгарым укуктуу өкүл, ооруканада жаткан, тажик жарандары кармап кетип, кайтарып берген 9 жаштагы Шерландын Абдивалиевдин абалынан кабар алып, материалдык жардам көрсөттү. Дарыгерлердин айтымында Абдивалиевдин абалы жакшы.

Учурда Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий