• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Болгария, Греция, Сербия жана Румыния 2030-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү үчүн арыз беришет

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Болгария, Греция, Сербия жана Румыния 2030-жылы футбол боюнча дүйнө биринчилигин өткөрүүгө биргеликте арыз бергени жатышат. Ошондой эле 2028-жылы өтчү УЕФАнын Европа чемпиондугун өткөрүүнү талкуулашууда.

Эгер Балкан жарым аралындагы төрт өлкө арыз бере турган болсо, анда алар Латын Америка (Уругвай, Аргентина, Парагвай) жана Түндүк Америка (Алжир, Марокко, Тунис) өлкөлөрүнүн арыздары менен ат салышат.

Белгилей кетсек, бул төрт өлкөнүн бири да өз жеринде дүйнө биринчилигин өткөргөн эмес.

Болгариянын өкмөт башчысы Бойко Борисов Варнадагы Балкан өлкөлөрүнүн саммити учурунда дүйнө чемпиондугун өткөрүү тууралуу: “Менимче (Грециянын премьер-министри Алексис) Ципаристин сунушун талкуусуласак болот”, - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий