• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

БУУнун климаттык конференциясынын алкагында $50 млн тегерегинде гранттык келишимдер түзүлдү – Ажикеев

Коом 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын (COP29) тараптар конференциясынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү.–

Алгач министр Жашыл климаттык фонддун аймактык директору менен 25 млн долларлык гранттык каржылоо маселесин талкуулады. Бул каражаттар Гидрометеорологиялык жана Токой кызматтарын, ошондой эле КР ӨКМнин Окуу-изилдөө борборун колдоого багытталат.

Мындан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, FETNet, AFoCO жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өттү. Анда бир катар протоколдорго жана меморандумдарга кол коюлуп, 2025-2027-жылдарга иш-аракеттер планы иштелип чыкты.

"FETNet менен болгон сүйлөшүүлөр Гидрометеорологиялык кызматыбыздын ишин жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Компания Финляндияда адистердин квалификациясын жогорулатуу программасын сунуштап, аба ырайын так жана ыкчам алдын ала айтууга мүмкүндүк берген эң алдыңкы технологияларды камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле АӨБ жетекчилиги менен болгон жолугушууда Кара-Дарыя, Чүй жана Яссы дарыяларынын жээктерин бекемдөөгө 60 млн АКШ долларын бөлүү маселеси талкууланды, анын 40%ы гранттык каражат болуп саналат.

Мындан тышкары, Түркиянын AFAD (Түркиядагы биздин ӨКМдин аналогу) жана TIKA уюму менен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.

Пикир

Оставить комментарий