• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облусунда пневмония жана коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 13 миң 81ди түзөт

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Чүй облусунда пневмония жана коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 13 миң 81ди түзөт. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, пандемия башталгандан бери Чүй облусунда коронавирус 3 миң 85 адамдан аныкталган. Ал эми бүгүнкү күнгө карата коронавирус бир адамдан табылды.

"Чүй облусунда бул илдеттен 48 адам каза болду. Пневмония оорусу 9 миң 996 адамдан аныкталган. Тилекке каршы анын ичинен 234 киши каза болду. Облуста коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптар үчүн 11 ооруканада 220 орун даярдалган. Учурда ооруканаларда 77 бейтап дарыланууда, анын ичинде 4 адамдын абалы оор", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий