• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чаткал районунда 100 орундуу мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Чаткал районунун Жер-Капчыгай айылында А.Баймырзаев атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Аталган мектептин имараты 2022-жылы башталып, курулуш иштери бардык шарты менен 2024-жылы январь айында аяктаган. Мында ашкана, спорт зал, 14 класс комплектини камтыйт жана долбоор 37 млн сомго бүткөрүлгөн. Имарат бир кабаттан турат жана 100 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу 2 кезмет менен жүргүзүлөт, 29 мугалим 207 балага билим берет.

Андан соң Эдил Байсалов Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Райондук оорукананын хирургия бөлүмү, администрациясы, лабораториялык бөлүмү жана стоматологиялык кабинеттер быйылкы жылы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Ремонт иштери Жалал-Абад аймактык милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан каржыланып, "Империя Кахарова", "Пишпек Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан жүргүзүлгөн.

Белгиленгендей, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунда жылдан жылга жаңылануу болуп, калкты тейлөөдө ыңгайлуу шарттар жаралууда.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ак -Таш айылындагы Беш -Сала учаскасындагы лыжа базасына барды.

Мында "Кышкы оюндардын фестивалы Чаткал- 2024" иш-чарасына катышып, Чаткал району туризм тармагын өнүктүрүүгө ыңгайлуу экендигине токтолуп, туристтик жайларды түзүү, жаштарды спортко тартуу менен, экономикалык абалды чыңдоого шарттар жаралып жатканын белгиледи.

Айта кетсек, кышкы оюндардын ачылышы өткөн айда мыкты деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүүлөрдүн, келген коноктордун эс алуусуна шарт жаралган.

Пикир

Оставить комментарий