• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чечимди макулдашпастан кабыл алган. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиевге чечимди макулдашпастан кабыл алганы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.

Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.

Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес.

Пикир

Оставить комментарий