• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чукул кабар. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенине байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 20-февралыдан 22-февралга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), 356-358-чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 0-4-чакырымында, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чак. (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), 354-358-чак. (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Арал - Миң-Куш унаа жолунун 1-14 жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу), 160-179-чакырымында, Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

"Жолдор тайгак болуп,муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий