• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын» изденип алууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгынын негизги максаты республиканын мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайында жаштарды тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизм жана рухий-дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет.

Сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн чыгармалар, иштер менен материалдар көркөм чеберчилик деңгээли боюнча маанилүү болууга, уландар менен кыздардын бай рухий дүйнөсүн ачып берүүгө жана аларды Кыргызстандын элине жан-дили менен кызмат кылууга чакырууга тийиш.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинация боюнча берилет:

- адабият жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;

- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;

- музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;

- көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) үчүн;

- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор үчүн;

- театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн:

- кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценалык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;

- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн;

- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;

- спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;

- жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).

Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбошу керек.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык алышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги сынактын катышуучуларынын иштерин жана башка материалдарын 2021-жылдын 10-августуна чейин Бишкек ш. Тоголок Молдо көчөсү 17, 2-кабат, жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмү дареги боюнча кабыл алат. Байланыш телефону: 0 (312) 32-52-18.

«Ч. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө» Жобо менен таанышуу үчүн шилтеме аркылуу өтсөңүз болот.

Маалымат: Жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылдын 23-августундагы № 514 токтому менен негизделген.

Пикир

Оставить комментарий