• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Дагы бир алтын. Түркиядагы мелдеште Улукбек Жолдошбеков жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 09.03.24./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Улукбек Жолдошбеков Түркиядагы "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдешинде алтын медаль тагынды.

Аталган мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин Анталия шаарында өтүүдө.

Жолдошбеков 65 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык балбан бельгиялык, ирандык, азербайжандык жана казакстандык спортчуларды жеңип, финалга чыкты.

Алтын үчүн беттеште Жолдошбеков азербайжандык спортчуну жеңип, алтын медаль тагынды.

Буга чейин Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын дагы бир мүчөсү Бекзат Алмаз уулу алтын медалга татыган.

Пикир

Оставить комментарий