• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эркин күрөш боюнча кураманын мүчөлөрү Түркиядагы эл аралык мелдеште 3 коло утту

Спорт 0

Бишкек, 10.03.24./Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү "Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы эл аралык мелдеште 3 коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, аталган мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат.

Алсак, Бекболот Мырназар уулу (57 кг), Алмаз Сманбеков (57 кг) жана Орозобек Токтомамбетов (70 кг) 3-орунду ээлеп коло байгенин ээси болушту.

Белгилей кетсек, ошондой эле курманын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Улукбек Жолдошбеков (65 кг) өз салмактарында 1-орунду ээлеп, алтын медалга ээ болушкан.

Пикир

Оставить комментарий