• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Екатеринбургдагы КР жаранынын өлүмүн РФ укук коргоо органдары иликтейт – КР ТИМ

Кырсык 0

Бишкек, 16-май /Кабар/. РФ укук коргоо органдары тарабынан Екатеринбург шаарында КР жаранын өлтүрүү фактысы боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу КР ТИМ Екатеринбургдагы КР Башкы консулдугуна таянып билдирет.

Белгиленгендей, Екатеринбург шаарынын Темир жол району боюнча тергөө бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2017-жылдын 13-майында Екатеринбург шаарындагы Черепанов көчөсүнө жакын жерде белгисиздер тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны 1993-жылы 3-октябрда туулган М.А. сабалган. Денесине келтирилген оор залалдардын кесепетинен ал окуя болгон жерде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий