• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Элдик курултай: Баткен университетинин бүтпөй турган имаратынын курулушуна каражат бөлүү өтүнүчү айтылды

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Баткен облусунан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу сөзүнөн башында Баткен облусунун элинен атынан президент Садыр Жапаровго, анын командасына, жалпы кыргыз элине Баткенге болгон зор колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Андан соң, ал делегат президентке кайрылып, калың элде резонанс жараткан туу маселеси боюнча позициясын билдирип коюуну өтүндү.

"Экинчи маселе, Баткен районуна караштуу Айгүл-Таш– Согмент–Таян унаажолу 2002-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин бүткөрүлбөй, абалы өтө начар. Бул жол Сох анклавын айланып өткөн жалгыз альтернативалык жол болуп эсептелет, бул жол менен төрт айыл өкмөтү, бир шаар, жалпы 50 миңден ашуун эл пайдаланат. Бул жол Кыргызстандын эгемендигинин, көз карандысыздыгынын белгиси. Ушул жол маселесин чечип берүүнү өтүнөм. Багы бир маанилүү маселеге токтолсом, Баткен жаштарын облуста кармап калууда Баткен мамлекеттик университетинин орду эбегейсиз зор. Анткени, жаштар билим издеп Бишкек, Ош шаарларына кетип, ошол жакта иштеп калууда. Баткен мамлекеттик университетинин алты жыл мурда курулуп баштаган имараты, каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат. Имаратты курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүп, маселени чечип берүүнү өтүнөм. Ал эми кийинки маселе жалпы жаштардын атынан сунуш болуп саналат. Ал, жаштардын экономикалык өнүгүү, маанилүү маселелерди чечүүгө катышуу, саясий аренада өсүүсүнө жардам берүү максатында жеригиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоодо жаштарга 10 пайыздык квота берүү сунушу”, - деп белгиледи Жумабек Абдипатта уулу.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий