• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Эртең Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Эртең, 29-августта Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Жалал-Абад шаарында "Барселона" академиясынын ачылышына байланыштуу болууда.

"Азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери баардык айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий