• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Евгений Ваккер Азия оюндарына даярданууда

Спорт 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Белгилүү кыргызстандык велосипедчи Евгений Ваккер Индонезияда өтө турган 7-Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын велоспорт боюнча федерациясы билдирди.

Е.Ваккер 1994-жылдан баштап эч бир Азиаданы өткөрүп жиберген эмес. Анын ичинен алтоосунда абсолюттук рекорд көрсөтүү менен Кыргызстан үчүн 6 медаль утуп алган.

Учурда Ваккер Ысык-Көлдө даярдык көрүүдө.

Машыктыруучу Эркен Акрамовдун айтымында, спортчу эки аралыктагы жарышка түшөт. 145 чакырым аралыктагы топтук жарышка жана өзүнчө 43 чакырым старт менен жеке жарышка катышат.

“Кандайдыр бир божомол айтуу азырынча эрте. Жыйынтык анын ошол учурда кандай формада болушуна, уюштуруучулар трассанын кандай рельефин тандоосуна жана спортчу Индонезиянын климатына көнүшүнө байланыштуу”, - деди ал.

Евгений Ваккер Азиянын 4 жолку чемпиону, Азия оюндарынын 6 жолку медалисти, “В” тобундагы дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 3 Олимпиада оюндарынын катышуучусу, трек боюнча Азия кубогунун ээси. Анын эсебинде велоспорт боюнча Азиянын чемпионаттарынын эки күмүш, 4 коло медалы бар. 2011-жылы Ваккер “Даңк” медалы менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий