• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ИИМ: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айынын ортосунда КР ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан.

Такталган маалымат боюнча, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган Б.Ш., Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 296 жана 286-беренелери боюнча баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн.

Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий