• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ички иштер органдарынын күжүрмөн аскердик даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.

Буйруктун талаптарын аткаруу боюнча министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык, министрликтин борбордук аппаратынын өздүк курамын “айгай” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

“Айгай” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин өздүк курамдын чогулушу “канааттандыраарлык” деген баага татыктуу болду. Бирок, кызматтык кужүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча боюнча бир катар кемчиликтер да орун алган, ал кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы кайрадан текшериле тургандыгы эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий