• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абадда ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу менен алектенген жергиликтүү тургун кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды сатуу менен алектенген жактын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан 59 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда баңгизат өсүмдүгүн өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.

"КР КЖКнын 267-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) алкагында ИИОнун кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда сарайынан сатууга даярдалган 2 кг 635 грамм "гашиш" баңгизат каражаты табылып алынган",-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү УКЖга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий