• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Юстиция министрлиги “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыкты

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Юстиция министрлиги тарабынан «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамынын жаңы редакциясындагы долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу инвентаризациянын жана 2021-жылдын 8-февралынын ПЖ № 26 КР президентинин «КР мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Юстиция министрлиги тарабынан «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын жаңы редакциясындагы долбоору иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченем жаратуучу ишмердигинин укук колдонуу практикасындагы карама-каршылыктарды жана көйгөйлөрдү жоюу, ченем жаратуу процессин ыңгайлаштыруу жана ѳркүндѳтүү максатында иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, “КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамын колдонуу процессинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун сапаттуу даярдоо боюнча ишти татаалданткан белгилүү бир дал келбестиктер жана боштуктар аныкталгандыгын байкоо боло.

“КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзам долбоору менен бир катар жаңы ѳзгѳртүүлѳр сунушталат:

1) ченем жаратуучу субъекттердин актыларын ченемдик актыларга жана ченемдик эмес актыларга чектөө сунушталууда.

2) белгиленген актылар тарабынан жөнгө салынууга тийиш болгон маселелердин чөйрөсүн аныктоо максатында, мыйзам чыгаруучу ченемдик укуктук актылар жана мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга кирүүчү терминдердин аныктамаларын ачып берүү сунушталууда.

3) ченемдик укуктук актынын мыйзам даражасындагы ченемдик укуктук акт катары так таризделиши мүмкүн болгон критерийлерди белгилөө;

4) ченемдик укуктук актылардын ортосундагы аларды жөнгө салуу предмети жана ченем жаратуучу субъектинин компетенциясы боюнча коллизияларды чечүүнүн жаңы системасын аныктоо;

5) ченемдик укуктук актылардын колдонулушун токтотуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин кароо сунушталат (гильотина принциби боюнча);

6) апробациялоо максатында жаңы коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо («кум аянтчасы» режими);

7) ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталында жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоо системасын өркүндөтүү (koomtalkuu.gov.kg);

8) жарандык сектордун жана көз карандысыз эксперттердин милдеттүү түрдө катышуусу менен ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;

9) ченем жаратуу процессин тартипке келтирүү жана сапаттуу ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга багытталган башка өзгөртүүлөр.

Мыйзам долбоорунун тексти менен кененирээк төмөнкү шилтеме боюнча таанышса жана өз сунуштарыңарды калтырууга болот: http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/907.

Пикир

Оставить комментарий