• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кант – Ивановка темир жолундагы эскилиги жеткен шпалдар алмаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Ысык-Ата районунун Кант-Ивановка темир жолундагы эскилиги жеткен жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиевдин айтымында, аталган тилкеде жалпысынан 4 чакырым жыгач шпалдарды темир бетон шпалдарга алмаштырабыз. Бул аптада 1 чакырым бетон шпал орнотулат. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 5 инженердик техника тартылган.

Оңдоо иштери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий