• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кара-Суу районунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 ФАП курулууда

Аймак 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5 ФАП курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда Мады айыл аймагынын Октябрь, Жоош, Чагыр айылдарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен айылдык фельдшердик-акушердик пункттар курулуп жатат. Октябрь жана Жоош айылында курулуп жаткан ФАПтар быйылкы жылы пайдаланууга берилет.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында айылдык фельдшердик-акушердик пунктун курулушу аяктап калган.

Ошондой эле Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын Сүрөттүү-Таш тилкесинде да ФАП куруулуда. Анын курулушуна Корея эл аралык уюму тарабынан 1 млн 742,5 миң сом, айыл өкмөтүнүн бюджетинен 450 миң сом бөлүнүп, жергиликтүү эл тарабынан 70,4 миң сом чогултулуп берилген. Азыркы күндө ФАПтын курулушу 85%га аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий