• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Казакстандын президенти Назарбаев отставкага кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Назарбаев отставкага кетти. Бул тууралуу мамлекеттик inform.kz агенттиги кабарлады.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келет. Ал бийликке СССР тарай электе эле келген.

2015-жылы апрелдеги президенттик шайлоодо ал расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 97 пайызынын добушун алып, бешинчи мөөнөткө шайланган.

Былтыр Назарбаев 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу берилген суроого так жооп берген эмес. Анда ал шайлоого чейин убакыт бар экенин, чечим кабыл алгандан кийин маалымат бере турганын айткан.

Пикир

Оставить комментарий