• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Түркияда "Алай" менен москвалык "Торпедонун" футболчулары уруша кетти - видео

Спорт 0


Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Түркиядагы окуу-машыгуунун алкагындагы оюн учурунда Оштун "Алай" клубу менен москвалык "Торпедонун" оюнчулары уруша кетти.

Уруш оюндун аягында чыгып кеткен. Бул тууралуу "Торпедонун" жарым коргоочусу Андрей Лях мындай деген:

"Каршылаштардын жыйырманчы номердеги оюнчусу биздин оюнчуларды улам бутка тебип жатты. Аны тымызын жасап жатты. Мен калыска келип, тактап алайын деп англис тилинде бул канчанчы эреже бузуу болгонун сурадым. Бирок, ал мени түшүнгөн жок окшойт. Кийинкисинде ошол футболчу Кертановду "чалды". Костя жаракат алып келгендиктен ага тийүүгө болбойт. Аны көргөндө мен ал оюнчуга атырылып, уруш чыгып кетти. Андан кийин мага дарбазчы менен капитан жабылды. Аларды кармаганга жетишпей калдым (күлүп). Биздин балдардын баары аман-соо. Автобуска отуруп, мейманканага кеттик".

Белгилей кетсек, ал клубдардын беттеши 18-март күнү болуп, эсеп 2:2 болгон.

Пикир

Оставить комментарий