• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кезектеги 400 дарыгер Ысык-Көлдө эс алуу үчүн жөнөп кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 17-18-сентябрында кезектеги 400 дарыгер Ысык-Көлдө эс алып, ден соолугун чыңдоо үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эс алууга Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерде пандемия күч алып турган маалында илдеттин очогунда вирус менен күрөш жүргүзгөн дарыгерлер, медайымдар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жөнөтүлдү.

Медицина кызматкерлеринин бул тобу Ысык-Көлдөгү “Алтын Жай” жана “Эне-Сай”пансионаттарында бир апта эс алышат.

Эске салсак, дарыгерлердин Ысык-Көлдөгү эс алуусун Саламаттык сактоо министрлиги Профсоюздар федерациясы менен биргеликте КР президенти Сооронбай Жээнбековдун медицина тармагынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунан кийинки иш-чаралар планынын алкагында ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий