• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КМШ фестивалында кыргызстандык мугалим 2-орунга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 07.10.22. /Кабар/. КМШ фестивалында кыргызстандык мугалим Марина Медведева 2-орунга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Чүй облусунун И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Марина Медведева “Мугалим” номинациясында II даражадагы диплом менен сыйланды.

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан келген катышуучулар өздөрүнүн автордук методикасын жана сабактын планын көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр сырттан жана кадимки катышуу баскычтарынын жыйынтыгы боюнча аныкталды.

Сыйлоо КМШга мүчө-мамлекеттердин Билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңеши тарабынан өткөрүлүп жаткан “Заманбап билим берүү системасы – келечекке көз чаптыруу” II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын алкагында өттү.

КМШга мүчө-мамлекеттердин билим берүү министрлеринин конференциясынын чечими менен съезддер эки жылда бир өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий