• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кочкор районунда унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кочкор районунда унаа кырсыкка учурап, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кувакы ашуусу) Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, экинчиси жабыркаган (аты жөндөрү такталууда). Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий