• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн бир катар мекемелерге 23 миң сомдон айып салынды

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасына, "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна жана "Бишкексууканал" башкармалыгына жумуш учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы үчүн ар бирине 23 миң сомдон айып салды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасына жолдордо жумуштарды жүргүзүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып салынган. Тагыраагы, жолду казып иштөө учурунда жол кыймылынын катышуучуларына эскертүү жол белгилерин койбогондугу үчүн Укук бузуулар кодексинин 178-бернесинин 1-бөлүмүнө ылайык 23 миң сом айып салынды.

"Түндүк электр" ачык акционердик коомуна жолдордо жумуштарды жүргүзүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып салынган. Тагыраагы, жолду жээгинде иштөө учурунда баш жол кыймылынын катышуучуларына эскертүү жол белгилерин койбогондугу үчүн Укук бузуулар кодексинин 178-бернесинин 1-бөлүмүнө ылайык 23 миң сом айып салынды.

"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна алып келгендиги үчүн Укук бузуулар кодексинин 180-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык 23 миң сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий