• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Kyz Power 2 жаңы дубал сүрөтү пайда болду

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бишкекте Kyz Power муралы калыбына келтирилди, ал башка жерге тартылды. Бул тууралуу Basicolors арт-тобу социалдык тармактарда билдирди.

Kyz Power 2 дубал сүрөтү «Азия Молл» соода борборунун жер төлөсүндө жайгашкан.

Basicolors тобу аларга колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына ыраазычылык билдирген.

“Ооба муралды өчүрүп салса болот, бирок идеяны эч ким жок кыла албайт”, – деп жазган Виктор Цой.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин имаратында Kyz Power дубал сүрөтү пайда болгон. Бирок, кийинчерээк «Бишкекбашкыархитектуранын» буйругу менен сүрөт өчүрүлгөн. Алар сүрөт тарых жана архитектура эстелик-имараттарды коргоого байланыштуу өчүрүлгөнүн айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий