• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Коргоо министри аскердик окуу жайды артыкчылык менен бүткөн 7 офицерге кол саат тапшырды

Коом 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июлунда КР Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Аскер институтунун жана чет өлкөлөрдөгү аскер-окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коргоо ведомствосунун башчысы 170тен ашуун жаш офицерлерди окууну аякташы менен куттуктап, алган билимдери жана көндүмдөрүн өлкөнүн келечеги үчүн максималдуу түрдө пайдалануулары керектигин кошумчалады.

Жолугушуунун катышуучулары - КР Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу системасына киргизилген өзгөртүүлөр, толуктоолор жана жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары менен таанышты.

Генерал-майор Т. Өмүралиев алдыдагы аткара турчу кызматтары боюнча офицерлерге өзүнүн талаптарын коюу менен бирге, Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүнө коюлган тапшырмаларды аткарууда офицерлердин өзгөчө ордун баса белгилеп кетти.

Жолугушуунун соңунда коргоо ведомствосунун башчысы бүтүрүүчүлөргө мекенге кызмат өтөөдө демилгелүүлүк жана тырышчаактык менен ийгиликтерди жаратышын каалап өттү. Буга кошумча, жогорку окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктаган 7 офицерге кол сааттарын тапшырып, алардын ата-энелерине даректелген ыраазычылык каттарын берди.

Пикир

Оставить комментарий