• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 23.10.23./Кабар/. КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссары Джутта Урпилайнен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Тараптардын жолугушуусу Евробиримдик-Борбордук Азия Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында бүгүн Люксембург шаарында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа бирлигинин Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорун талкуулашты, ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, экология жана «жашыл» экономика чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча пикир алмашышты.

«Жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тышкы карызды алмаштыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Министр Жээнбек Кулубаев кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана Кыргызстан менен Евробирлигинин ортосундагы долбоордук жана программалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо максатында маектешин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий