• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КРда 2023-жылга карата өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 430 адамга жетет – божомол

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.18. / Кабар/. КРнын кылмыш мыйзамынын алкагында түрмөдөгү калктын санынын өсүү тенденциясы орточо эсеп менен жылына анын жалпы санынан 0,3-1 пайыз боюнча сакталышы божомолдонууда.

КРнын өкмөт тарабынан бекитилген кылмыш-аткаруу системасынын 2018-2023-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында билдирилгендей, учурда соттолгондордун санынын өсүшүн токтотуп калуу мамлекеттик амнистия актысын кабыл алуу менен гана мүмкүн болот.

2023-жылга карата өмүр бою эркинен ажыратылгандардын саны 430 адамга жетиши божомолдонууда. Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыш үчүн соттолгондор 500 жана андан көп адамга чейин.

Учурда кылмыш аткаруу системасы үчүн олуттуу көйгөй болуп соттолгондорду тарбиялоо жана түздөө боюнча маселелерди чечүүгө, колониядагы режимди сактоого, нормативдик-укуктук актыларды даярдоого илимий ыкманын жоктугу эсептелет. Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматындагы илимий бөлүктүн уюштурулушуна чаралардын көрүлбөгөнү кылмыш-укуктук аракеттин эркинен ажыратуу жана башка чараларды көрүү түрүндөгү жазаларды аткаруудагы социалдык, психологиялык, педагогикалык ыкманын тармагындагы өнүгүү системасынын концептуалдык багыттарын сапатсыз иштеп чыгууга алып келет.

Жетишсиз каржылоо кылмыш-аткаруу системасынын иштешине терс таасирин тийгизүүнү улантат. Инфраструктуранын критикалык азаюусу жаңы түзөтүү мекемелерин ишке киргизүү керектигинен же башка алдын алуучу чараларды көрүү керектигинен кабар берет. Антпесе жалпы коопсуздук тармагында тобокелдердин жана коркунучтардын көбөйүшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий