• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун башчысы Кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облустар аралык балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына барды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, оорукананын имаратынын абалы, ал жерде жаткан балдардын жатаканасы, тамак ашы жана окуу класстары менен таанышып чыкты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жатаканада тазалыктын жана жылуулуктун жоктугу, азык түлүк сактоочу кампада, кадр маселесинде чон кемчилдиктер, ашканада тамак даярдоодо азык түлүктүн нормадан аз өлчөмдө кошулаары аныкталды.

“Ушул жердеги балдар үчүн азык затка бай, күчтүү тамак жасалсын деп мамлекеттен атайын каражат бөлүнөт, ошол үчүн үнөмдөбөй,нормага ылайыктап балдар үчүн жакшы тамак жасагыла”, - деди облус башчы.

Эскерте кетсек, учурда Ош облустар аралык балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасында бүгүнкү күндө 70 керебет (койка) жайгашып, ал жерде 38 бала дарыланат. Оорукананын жалпы штатында 104 адам эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий