• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Принц Файсал бин Фархан Аль Сауд менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун аныкташты.

Бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарлар менен алмашуу, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана 2023-жылы биргелешкен бизнес форумдарды уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий