• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда 3 адам сууга чөгүп кеткен. Бири 90 жаштагы карыя

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда 16-17-июнь күндөрү 2 өспүрүм жана 90 жаштагы карыя сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитрлигинен кабарлашты.

Маалымтка ылайык, 17-июнь күнү Чүй облусунун Шамшы айылындагы Шамшы суусуна 14 жаштагы Ш.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бүгүн саат 09:15те анын денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, 16-июнь күнү Талас облусунда Талас дарыясына 90 жаштагы С.З. аттуу киши чөгүп кеткен. Анын денеси 17-июнь күнү саат 16:20да табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ал эми, 16-июнь күнү Аксы районундагы Нарын айылында Нарын дарыясына 15 жаштагы Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткен. Издөө иштери бүгүн улантылат.

Андан тышкары, 2-июнь күнү Суусамырдагы Биринчи Май айылында дайынсыз жоголгон 3 жашар К.Т. аттуу баланы издөө иштери уланууда. Ата-энесинин айтымында, ал Көкөмерен суусуна түшүп кеткен болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий