• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы суткада 19,9 миң адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.21. /Кабар. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 19 миң 900 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 570 адам вакцинанын биринчи дозасын, 11 миң 330 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча COVID-19га каршы вакцинанын биринчи компонентин жалпы 537 миң 202 адам, 168 миң 119 адам экинчи компонентин алды.

Пикир

Оставить комментарий