• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бир сутка ичинде 41 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпы 2843

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде 41 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

"Сутка ичинде Бишкек шаарынан 25, Чүй облусунан 1, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 8, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 2 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 2843 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды", - деп билдирди ал.

Каратаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 314 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 7691ге жетти. Коронавирус жуктурган 82 адам (+4 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий