• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда Дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.08.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бүгүн, Кыргызстанда дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында КР ССМ медициналык жардам жана дары дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Нүргүл Ибраимова билдирди.

Анын айтымына караганда, Дүйнөлүк жүрөк күнү “Дени сак жүрөк үчүн энергия” унааны менен жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга багытталган. Кыргызстанда бул дата 2011-жылдан бери белгиленип келет.

Статистикалык маалымат боюнча, жүрөк кан-тамыр оорулары КР боюнча эле эмес дүйнө жүзү боюнча майыптуулукка жана адам өлүмүнө башкы себепкер болот.

Өлкө боюнча жылына жүрөк оорусунан 18 миң адам көз жумат, күнүнө – 50, ал эми дүйнөдө – 18 миллиондон ашуу оорулуу бар.

Ибраимованын айтымына караганда, Кыргызстандын 45% калкынын, б.а. 18 жаштаг жогорку ар бир үчүнчү жашоочу кан басымынын жогорулашы менен жабыркап келет. Ошондуктан ал, 35 жаштан жогорку ар бир жаранды кан басымын текшерип турууга чакырды. Үй бүлөдө жүрөк оорусу менен жабыркагандар болсо анда 20 жаштан өткөндөн кийин текшерүүдөн өтүшөт.

Пикир

Оставить комментарий