• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 192 адамдан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.06.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 192 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында 94 кишиден, Чүй облусунда − 62, Ош шаарында − 16, Ош облусунда − 14, Ысык-Көл олусунда – 2, Нарында – 2 жана Талас облусунда 2 адамдан коронавирус табылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июнга карата коронавирус жуктурган 192 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2981ди түзөт. Алардын ичинен 1981 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 35 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий