• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда Энергетика жана өнөр жай министрлиги кайрадан түзүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда Энергетика жана өнөр жай министрлиги кайрадан түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалиция көпчүлүгүнүн жыйынында премьер-министрлик кызматына талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, Энергетика министрлигине 9 компания топтолот.

Ошондой эле Марипов кошумчалагандай, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги калтырылып, артыкчылыктуу ведомство болот.

"Көпчүлүк бул министрликти таркатуу керек деп жатышат. Мен буга макул эмесмин", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий