• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда калктын социалдык аярлуу катмарын акысыз документтештирүү жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын май айынын башынан тартып Кыргызстандын жарандарынын ID-карта паспортторун акысыз берүү боюнча улуттук кампания башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кампаниянын алкагында жалпысынан 67 арыз кабыл алынды, анын ичинен үчөө ардагерлер, 64ү 16 жаштан 18 жашка чейинки жарандар. Учурда 37 ID-паспорт колдоруна берилди.

ID-паспортту акысыз, жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар алууга укуктуу:

- мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жашка чейинки балдар;

- 18 жашка чейинки, эки ата-энеси тең каза болгон жетимдер (толук жетимдер);

- мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;

- мамлекеттик тарабынан камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары (анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйланган, концлагерлердин жашы жете элек туткундары) жана Баткен окуясынын катышуучулары.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентинин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кампания 2021-жылдын 31-августуна чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий