• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бишкекте 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 3 жана Нарын облусунда 12 адамда коронавирус аныкталды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ти түзөт. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий