• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Май айында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын май айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 17...19° жылуу, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 12…14° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12...17° жылуулукка чейин, күндүз 18…23° жылуулуктан 25...30° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6°жылуулуктан7...12° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы 15...20° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 53-73 мм, тоо этектериндеги райондордо 89-91 мм).

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2º жогору болуп, 15…17° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8° жылуулуктан9...14° жылуулукка чейин, абанын күндүзгү температурасы17...22° жылуулуктан 24...29° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (44-50 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 17…19°, тоо этектериндеги райондордо 14…16° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 6…11° жылуулуктан12...17° жылуулукка чейин, күндүз 19…24° жылуулуктан 26...31° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9° жылуулуктан10...15° жылуулукка чейин өзгөрүлүп, абанын күндүзгү температурасы 15...20° жылуулуктан 23...28° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан арбын болушу күтүлөт (35-82 мм, тоо этектериндеги райондордо 53-155 мм).

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 11…13° жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү температурасы 2...7º жылуу тегерегинде болуп, абанын күндүзгү температурасы 9…14° жылуулуктан 16…21° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-37 мм, чыгышында 37-80 мм).

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 11…13º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү абанын 3…8° жылуу тегерегинде болуп, кээ бир күндөрдө түнкүсүн жана эртең менен Ат-Башы районунда 0...-2° жеткен үшүк жүрүшү мүмкүн (үшүк жүрүшү ыктымалы 40-60% түзөт), абанын күндүзгү температурасы 13...18° жылуулуктан 21...26° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (28-53 мм)

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп 2…4º жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын түнкү температурасы 0…-5° суук, абанын күндүзгү температурасы -2…7° жылуулуктан, 10...15º жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (62-64 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7...9° жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы ай ичинде түнкүсүн 0…-5° сууктан, 1…6° жылуулукка чейин, күндүз 13...18° жылуулуктан 20...25° жылуулукка чейинөзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (39-41 мм).

Пикир

Оставить комментарий