• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде COVID-19га каршы вакцинаны 1 миң 823 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны жалпы 127 миң 591 адам алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 83 миң 1 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырды.

“Ал эми акыркы бир суткада 1 миң 823 киши эмделсе, 656сы экинчи ирет эмдөөдөн өттү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий