• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кыргызстандын муфтийи мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 28.06.23. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Муфтийдин куттуктоосу:

Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандар, ардактуу мекендештер! Жалпыңыздарды бүгүнкү Курман айт майрамыңыздар менен чин дилимден куттуктайм.

Курман айт исламдагы улуу майрамдардын бири. Бул күнү момун-мусулмандарды ыйман, ибадат жана тарыхый кубаныч бириктирет. Исламдагы майрамдар жыл сайын мусулмандык аң-сезимди жаңырткан, адамгерчиликти тирилткен, биримдик жана ынтымакты ойготкон, ырайым жана береке жаадырган кызыл дата!

Ушул ыйык күндөрү ажыларыбыз ыйык жайларда улуу милдетин өтөп жүрөт. Алар биз үчүн, өлкөбүз үчүн, Мекенибиз үчүн дуба кылууда. Биз да алар үчүн дуба кылып, аман-эсен кайтып келишин Жараткандан тилейли.

Ардактуу момун диндештер!

Арабызда Курман айтты көптөн-көп күткөн жандар бар. Алар калктын аярлуу катмары. Ата-энеси жок жетимдердин, жалгыз бой энелердин, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин, эч кимиси жок кары-картаңдардын да көңүлүн көтөрүп, аларга да майрамдык маанай тартуулаганды унутпайлы. Алар да биздин бир туугандар. Курман айттын урматына бир тилим эт, бир килограмм кант белек берип болсо да жүрөктөрүнө жылуулук тартуулайлы. Алар өздөрүн жалгыз сезбесин. Улуу күндөрдө кароосуз калып кетпесин…

Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырман мекендештер!

Курман айтыңыздар маарек болсун! Алла Таала окуган айт намазыңыздарды, чалган курмандыктарыңыздарды, кылган ибадаттарыңыздарды өз даргөйүндө кабылдасын. Улуу айттын шарапатына элибизге ынтымак, биримдик, бакыт-таалай, жергебизге жана дүйнөгө тынчтык, мамлекетибизге өнүгүү, динибизге риваж берсин. Оомийн!"

Пикир

Оставить комментарий