• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү $3 млрд түздү

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-апрель айларында 3 млрд долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,3 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,6 эсе жогорулады.

КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-апрелинде 1,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-апрелине салыштырганда 16,3 пайызга өстү. Муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 26,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 13,3 пайызга жогоруланган.

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-апрель айларында Россияга (67,7 пайызга) жана Казакстанга (30,4 пайызга) туура келди.

Пикир

Оставить комментарий