• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өлкө аймагында бир суткада 14 өрт катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.19. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош шаарынын Моминова көчөсүнүн №129 дарегинде жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Тилсиз жоо болжол менен саат 19:52де чыгып, 20:18 чамасында толук өчүрүлгөн.

Ошондой эле Ак-Ордо-3 конушунун Новопавловка айылындагы дүкөндүн 20 чарчы метрин өрт каптаган. Анын ичинде 3 даана муздаткыч, азык-түлүктөр жана ички жасалгасы күйгөн.

Башка учурларда таштандылар жана куураган чөп өрттөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий