• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Манас” аэропорту штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. “Манас” Эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-ноябрь күнү болжол менен саат 22:00дөр чамасында туман тараган.

“Буга чейин Алматынын запастык аэродромунда болгон "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учагы Бишкекке учуп келген", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ катуу тумандын айынан “Манас” аэропортундагы каттамдар токтотулган. “Аэрофлот” авиакомпаниясынын учагы убактылуу Алматыга конгон. Көрүү 100-200 метр болгон.

Пикир

Оставить комментарий