• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо эки унаа сүзүшүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. "Манас" аэропортуна бараткан жолдо унаа кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 17-июнда саат 03:00дөр чамасында болгон. Mercedes-Benz унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып Mazda Demio менен кагылышкан. Эки унаа тең бир багытта бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен Mazda Demio унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган.

Окуянын чоо-жайы такталууда

Пикир

Оставить комментарий