• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, табигый кырсык кечээ, 24-октябрда саат 22:57де катталган.

Жер титирөө Алай районунун Каблан-Көл жана Тогуз-Булак айылдарында, Кара-Суу районунун Корок, Чайчи, Ийрек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий